Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Казань шаарында кыргызстандык жигитти өлтүрүүгө шектелгендердин бири кармалды

Turmush -  Казань шаарында кыргызстандык 23 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, каза болгон жигит Ош облусунун Араван районуну тургуну экендиги такталды. Соттук-медициналык экпертизанын жыйынтыгынын негизинде адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Каза болгон жигиттин туугандарына кабар берилип, анын денесин Кыргызстанга жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Россиянын Казань шаарынан кыргызстандык 23 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылгандыгы кабарланган.

Маалыматка караганда, Ибрагимов көчөсүндөгү үйдүн жанынан табылган денеден сабоонун тактары жана шише бөтөлкө табылган. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×