Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: «Тянь-Шань» чарбасынын дыйкандары сарымсактан 800 миӊ сом киреше алышат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы «Тянь-Шань» дыйканчылык чарбасында 1 гектар жерге өстүрүлгөн сарымсактан 800 миӊ сом киреше алышат. Бул тууралуу аталган дыйканчылык чарбасынан маалымдашты.

Ырдык айылындагы «Тянь-Шань» дыйканчылык чарбасынын дыйкандары жашылча өсүмдүктөрүн айдап-себүүгө адистешкен. Чарбанын ар бир мүчөсү өздөрүнүн чакан жер аянтына сарымсак, кинза, ашкөк, капуста, брокколи, чамгыр, пияз, таттуу калемпир жана башка жашылчаларды өстүрүп, Караколдун базарына сатыкка чыгарышат. Муну менен шаардыктар жайы-кышы жашылча менен камсыз болуп турушат. Айылдык дыйкандар бул жашылчаларды кышкысын күнөсканада өстүрүп, аны сактаганды да жакшы билишет.

Аталган дыйкан чарбанын жетекчиси Хамит Исмаевдин айтымында, бир гектар жерге сарымсак эккен дыйкандар 800 миӊ сомго чейин киреше алышат. «Ал эми картөшкө өстүргөндөр андан көп киреше алышат. Бул үчүн жерди туура иштетип, түшүмдүүлүгү жогору үрөндөрдү пайдаланып, эӊ башкысы талыкпай эмгектенүү керек», - дейт чарба башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 319
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу