Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде тургундарды тоноп жүргөн адам кармалды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда жергиликтүү тургундарды тоноп жүргөн 39 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун Массы айылынын 1992-жылы туулган С.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 4-сентябрында саат 06:45 чамасында жумушка бара жаткан учурда 35-40 жаштардагы бейтаныш киши себепсиз уруп, жерге жыгып, колундагы 9000 миң рубль акчасын жана «HUAWEI» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген. Анын кесепетинен С.А. 10 миң сомдук материалдык чыгымга учураган.

Ошондой эле, ушул жылдын 5-сентябрында саат 22:00 чамасында Ноокен районунун Масы айылынын 1981-жылы туулган тургуну К.Б. (аял киши) үйүнө ууру киргенин билдирген. Ал өзүнүн үйүндө жаткан учурда 35-40 жаштардагы белгисиз адам уктоочу бөлмөсүнө кирип, алгач чачтап, колундагы бычагы менен сол жак бөйрөгүнө такап коркутуп, акча талап кылган. Кол салган адам анын «Самсунг» үлгүсүндөгү 10 миң сомдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар кылмыш каттоо китепчесине катталып, 6-сентябрь күнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иш козголгон. Аталган факт боюнча Ноокен РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлдөрү иштеп, 6-сентябрда шектүү катары Массы айылынын 1978-жылы туулган тургуну А.Ш. кармалды. Аны 8-сентябрда Ноокен районунун соту тарабынан 2 айга камакка алуу чечими чыгарылган.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Шектүү

101

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 661
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×