Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Буканын Өрүктү-Сай айылына 45 миң еврого канал курулуп, суу каптоо коркунучу жоюлду (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылын суу каптоо коркунучу жоюлду.

Аталган айылда 47 жылдан бери жашаган Жаналы Кайназаровдун айтымында, жыл сайын эрте жазда жаан-чачын көп болуп, арыктан ашкан суу турак жайларды, короолорду каптап кетчү.

«Эми бул көйгөй чечилди. Евробиримдиктин каржылоосу менен Кыйра-Арык каналынын 550 метр тилкеси жашоочулар тарабынан ашар жолу менен оңдолду. Каналдын оңдолушуна жалпы 45 миң евро жумшалды. Буга чейин үйлөрүбүздү суу каптап, кыйынчылык жаралып келген. Оңдоо иштери ушул жылдын март айында башталып, май айына чейин улантылды», - деди Ж.Кайназаров.

Учурда Өрүктү-Сай айылында 200гө чукул калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 577
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×