Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Чоң-Алайдагы алтын казуучу компаниянын жумушчулары ууланган жок, - дарыгер

Turmush -  Чоң-Алай районундагы алтын казуучу компаниянын 8 жумушчусу ууланып, райондук ооруканадан дарыланып чыгышты. Алар бир жума мурун тамак-ашка ууланган. Бул тууралуу компаниянын атын атагысы келбеген жумушчусу билдирди.

Анын айтымында, ишкананын ашканасында абал оор жана жетиштүү көзөмөлгө алынбайт.

Чоң-Алай аймактык ооруканасынын директору Исламидин Бакиров 6 адам кайрылганын, бирок улануу тастыкталбаганын айтты. Дарыгердин айтымында, ооруканага кайрылган жумушчулар сууктан улам өзүн жаман сезиши мүмкүн.

Райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Нурлан Орозалиев да жумушчулар суук өткөндөн улам ооруганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 389
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу