Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Эл ичи — өнөр кенчи: Жаш дизайнер Миррахим Опош тиккен улуттук кийимдер Америка, Польшага чейин сатылат (фото)

Turmush -  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалими, философ Миррахим Токтогулов (Миррахим Опош) учурда салттуу маданияттын тарыхын тереңден казып, изилдеп чыккан өнөр адамдардын бири. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

IMG-20170907-WA0041

Миррахим учурда эски менен жаңыны айкалыштырып, мырзалардын жана айымдардын заманбап стилдеги кийимдерин тигип келет. Ал бул жаатта иштеп жатканына 4-5 жылдын жүзү болгон. Өзү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө 1988-жылы туулган. Бишкек шаарындагы Б.Алымов атындагы №39 орто мектепти аяктап, 2005-жылы салык тармагында жогорку билим алып баштаган. Бирок кесиби өзүнө жакпай, бир жылдан кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия факультетине барып, аны 2010-жылы аяктаган. Андан соң ушул эле багытта магистратураны аяктады.

Кесиби боюнча буга чейин Россиянын Москва шаарындагы мамлекеттик университеттин философия факультетинде кошумча билим алып келген. Аспирантураны аяктап, учурда окуу жайдын гуманитардык факультетинде окутуучу болуп эмгектенип жатат.

Үй-бүлөдө 12 бир туугандын эң кичүүсү. Атасы Токтогул Онкенов тиш доктур, эсепчи, сельсовет болуп, көп жылдар бою башкарма кызматтарында иштеген. Кийин Агрардык университетинде комендант болуп эмгектенген. Ал 2007-жылы 65 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал эми, апасы Бүбүкадича Орозалиева кесиби боюнча педагог. Бирок кесиби менен иштеген эмес.

FB_IMG_1505102953763
«Чоң атам Онкен Кебекчиев мыкты уста, зергер болгонун апам көп айтат. Күмүштөн жалатып ат жабдыктарын, буюм-тайымдарды жасаган инсан болуптур. Чоң атамдын буюмдары азыркыга чейин сакталуу. Чоң энем дагы уз-чебер болуп, аскерлерге кийим тиккен иштүү киши эле. Азыр өзүмдүн апам дагы кол өнөрчү, иштүү эне. Алгач көйнөктөрдү апам экөөбүз тигип баштаганбыз. Улуттук жүзүбүздү сактайлы деген тилек менен алгач улуттук калпак менен тик жака көйнөктөрдү тиктик. Акыркы 15 жылдан бери улуттук кийимдерди гана эмес, кыргыздын маданий мурастарын, салт-санаасын кайра жандандыруу багытында аракеттенип келем. Ааламдашуу араанында кыргыздын улуттук жүзүн сактап калуу биздин тилегибиз. Албетте, 50 жылда эл жаңы, заман агымы менен кошо өнүгүүгө умтулуубуз керек», - деди М.Токтогулов.

Дизайнер кийимдерин табигый пахта кездемелерден, зыгырдан, каалоочуларга жибектен тигип берет.

«Кийимдер ар бир адамдын кулк-мүнөзүнө, табитине жараша тигилет. Кийимдердин түстөрү да адамдын турпатына жараша тандалып, маанайды өзгөртүүгө да чоң жардам берет. Алгач элде жок башка стилдеги кийимдерди, калпактарды кийип жүргөндө көпчүлүк таң берип, коом өөн кабыл алчу. Азыр тескерисинче улуттук кийимдерге, улуттук баалуулуктар менен маданиятка кызыккандар көп. Бул баягы салттуу коомдун өзгөчөлүгү болду.

Тилекке каршы Кыргызстанда жакшы кездемелер жок. Мен көбүнчө Индиядан, Түркиянын зыгыр, пахта кездемелерин алдыртам. Учурда улуттук кийимдерди тартынбай, коркпой сунуштап баштадым. Себеби көп тажрыйбадан өттү, иштелип чыкты. Учурда мода үйүн ачып, улуттук кийимдерди жандандыруу менен алекмин», - деди ал.

FB_IMG_1505103075572

Кийимди тигүүдө анын дизайнын иштеп чыгуу кыйын.

«Мен көбүнчө майда нерселерге, тигилишине көп басым жасайм. Көзгө көрүнбөгөн нерселеринен бери карап, маани берем. Биз көбүнчө буйрутма менен иштеп, бир кийимди көп санда тикпейбиз. Тигип жаткан кийимдерден киреше таба элекмин. Азырынча кирешебиз тикмечилердин эмгек акысына жана кездемелерди алууга гана жетет. Азыр буйрутмалар көбүнчө сырттан болууда. Кийимдерибиз Америка, Польша, Казакстанга кетип жатат. Менин тиккен кийимдеримдин эң арзаны 1,2 миң сом болсо, кымбаты 4,5 миң сом болот», - деди ал.

Миррахим 2010-жылы кыргыз маданиятына кошкон зор салымы үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен грамота жана Нарын облустук администрациясынын ыраазычылык кат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2091
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×