Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Шүкүрова юрист кесибин таштап, сулуулук салон иштетип жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну Айя Шүкүрова 7 жылдан бери сулуулук салонунан киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча юрист.

«Өзүм Талас районунун Чат-Базар айылынын кызымын. Жогорку юридикалык билим алып иштедим. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ал чөйрөдө 1 жылдан ашык гана иштеп калдым. Ошол учурда сиңдим сулуулук салонун ачып калды. Мен администратор болуп кирдим. Бардыгын карап жүрүп, жасаган сулуулуктарына кызыгып жүрдүм. «Мен дагы ушундай кылып жасасам» деп, окуй баштадым. 7 жыл мурун чачтарач-стилист болуп иштеп баштадым. Андан соң дагы да такшалып, чет мамлекетте иштедим. 3 жыл мурун Талас шаарына келип, сулуулук салонун иштетип баштадым. Башка жакта иштеп жүргөндө жасаган ишим кымбат бааланып көнүп калган экем. Таласта баалары кыйла эле төмөн жасалат экен. Башында көнө албай өзүмө таарынып жүрдүм. Анан кардарларым көбөйдү. «Кол эмгекти баалаш керек» деп бааларын улам өйдө кое баштадым. «Көптөр сеники баарынан кымбат» деп жатышты. Бирок кайра эле айткандар «сеники жакшы» деп келип жатышты.

Негизи салондогу иштеген кыздарым менен өзүбүздүн чөйрөдө өтүп жаткан окутууларга бат-бат барып турабыз. Күндөн-күнгө алдыга умтулуп, тажрыйба алмашабыз. Кардарларыбыз көп. Мисалга бир айым чач жасалгасына 500 сом, кирпик өстүрүү үчүн 1000 сом, тырмак өстүрүү үчүн 1000 сом, макияж үчүн 500 сом сарптайт. Ушул кызматтарды көрсөтүү менен чектелбейли деп быйыл үлпөт көйнөк салонун ачтык. Келечекте айымдардын сулуулугу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгүм келет», - деди ал.

Ишкер айым жолдошу Бузурман Нусубалиев экөө 2 уул, 1кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1273
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу