Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Талас

Кара-Буурада «Кан басымыңа көңүл бөл» акциясы өткөрүлдү

Turmush -  Кара-Буура районунда ден соолук комитети тарабынан «Кан басымыңа көңүл бөл» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук ден соолук комитетинин төрайымы Гүлмира Базарбаева билдирди.

Анын айтымында, акция комитеттин 12 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

«Биздин ден соолук комитети 2005-жылы, 9-сентябрь күнү түзүлгөн. 12 жылдыгыбызды белгилөө менен «Кан басымыңа көңүл бөл» аттуу акция өткөрдүк. Мындан мурун комитеттин ар бир айылдагы мүчөлөрү бул иш-чараны өткөрүп келишкен. Биз үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен бирге жүрүш жасап, адамдарды ден соолугуна кам көрүүгө үгүттөп, кан басымын текшердик», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1219
Көп окулду
×