Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ош

Ошто бир тууган карындашын зордуктоого шектелген адам кармалды

Turmush -  Ош шаарынын 1976-жылы туулган тургуну бир тууган карындашын зордуктоого шектелип жатат. Turmush басылмасына булактар аркылуу бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Ош шаардык милициясы териштирип жатканы маалым болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, укук коргоо органдарына жабырлануучу — шектүүнүн 30 жаштагы карындашы арызданган. Анын айтымында, 20-август күнү агасы суусундукка арак жана уктатуучу дары кошуп ичирген. Аны ичкенден кийин эс-учун билбей калганын айтып, андан пайдаланган агасы зордуктады деп арызданган.

Ал эми, кыздын агасы бул айыпты четке кагууда. Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×