Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Ысык-Көлдө 4 адам тирүүлөй өрттөнгөн «Лексус» оодарылган жерден 2 мүшөк кара куурай табылды (толукталды)

Turmush -  Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 113-чакырымындагы жол кырсыктан 4 адам тирүүлөй күйүп кетти. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, каза болгон адамдар «Лексус РX 300» (мамлекеттик номуру В 8876 AN) унаасынын салонунда өрттөнгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа Ананьев айылынан Чолпон-Ата шаарына бара жаткан. Темир жана Григорьев айылдарынын ортосундагы бурулуштан башкаруусун жоготкон унаа оодарылып кеткен. Унаа ошол жерден өрттөнүп, ичиндеги 3 жүргүнчү жана айдоочу тирүүлөй күйгөн.

Бул окуя тууралуу бүгүн, 8-сентябрда саат 04:00 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшүп, ыкчам топ жөнөтүлгөн болчу. Окуя болгон жерден документтер табылган жок. Болгону уюлдук телефонго тиешелүү 1 даана сим-карт табылган. Анын жардамы менен каза болгон жарандардын өздүгүн, жакындарын аныктоо аракеттери көрүлүп жатат.

Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы унаа бир нече жолу оодарылып, жолдон 100 метрдей алыска кулаганын билдирди. Окуя болгон жерден унаа оодарылып баратканда ыргыган тетиктер, буюмдар жана кара куурай салынган 2 мүшөк табылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 23217
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×