Turmush - Баткен районундагы Айгүл-Тоонун кире беришине айгүл гүлүнүн элесин берген чоң арка курулат. Бул демилгени кара-булактыктар көтөрүп, ага каражат топтоо үчүн ушул жылдын 13-сентябрында марафон өткөрүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу демилгечилердин бири Замир Сапар аймактык кабарчыга билдирди.
Алар «Айгүл — Баткендин символу» аттуу марафонго жалпы баткендиктерди жана айгүл гүлү өскөн тоого кайдыгер карабаган жарандарды чакырышууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, көркөм каражаттар менен кооздолгон арканы куруу үчүн 1 млн сомдон ашык каражат сарпталары болжолдонууда.