Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баткен

Жеңеке: Кадамжайлык Буурахима жеңе классташынын тоюна барып бийлеп жатканда сүйүүсүн тапкан (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы 33 жаштагы Нарматова Буурахима жеңени классташынын тоюнда бийлеп жатканда таанышкан жигит Москвага алдап алып барып, экөө ошол жактан баш кошушкан. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен маектешти.

Өзүнүн айтымында, аны көпчүлүк кайын энесине окшоштурушат.

«2007-жылы Кадамжай районунун Ормош айылына келин болуп бардым. Жолдошум экөөбүз классташ кызымдын үйлөнүү тоюнда таанышканбыз. Ал мени ак бийге чакырып, андан кийин экөөбүз сүйлөшүп калдык. Кийин да мамилебизди үзбөй, сүйлөшүп жүрдүк. Биз кыз-жигит болуп жүргөндө Бишкекке сиңдимди окуу жайга тапшыртуу үчүн алып келдим. Ошол учурда болочоктогу жолдошум "Москвага барып 1 жыл иштеп, эс алып келели" деген сунушун айтып калды. Мен анын айтканына макул болдум. Москвада жолдошумдун апасы жашачу. Ал "азыр ар кандай адамдар бар, экөөңөрдүн мамилеңерди бузуп коюшу мүмкүн. Андан көрө баш кошуп алып, иштей бергиле" деп, экөөбүздү үйлөндүрүп койгон. Мени көпчүлүк адамдар кайын энеме окшоштурушат. Мындай көрүнүшкө өзүмдүн апам таарынып калган учурлар да болот», - деди ал.

Кайын энеси Разия Маматованын айтымында, келинин өз кызындай көрөт.

«Бир жолу келиним төркүнүнө барам дегенинен тыйын акчаларды берсем, "эмнеге кагаз акча бербейсиз" деп таарынганын бүгүнкү күнгө чейин эстеп, күлүп калабыз. Ал мезгилде келиним жаңы келген, жаш болчу. Учурда келиним экөөбүз эне-баладай болуп калдык. Кайда барсам да аны ээрчитип алам», - деди ал.

Буурахима жеңе кесиби боюнча биолог. Учурда жолдошу экөө Элмира, Буузехра жана Арууке аттуу кыздарды тарбиялап, Москва шаарына барып-келип иштеп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1605
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:59,   21.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×