Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фоторепортаж, видео - Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» пункту салтанаттуу ачылды

Turmush -  Кечээ, 6-сентябрда кечинде кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук»/«Дустлик» көзөмөл-өткөрүү пунктунун расмий ачылышы болду. Ачылышка 1 миңге жакын адам чогулуп, алгач кыргызстандык таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды. Андан кийин ачылыштын расмий бөлүгүндө эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, жалпы элге куттуктоо айтышты. Тарыхый иш-чарага Turmush басылмасынын кабарчылары да күбө болуп, анын жүрүшүн жеринде онлайн түрүндө баяндап беришти.

Андан кийин салтанаттуу ачылыштын катышуучулары Өзбекстандын аймагына өтүп, иш-чара музыка менен коштолду. Ошондой эле, өзбекстандыктар бул салтанаттын урматына дайыма жакшылыктар, тынчтык болсун деген ниетте курмандык чалышты.

Ош шаарына жакын жайгашкан көзөмөл пункттун ачылышына Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Искендер Матраимов, Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана башка бийлик өкүлдөрү катышты. Ошондой эле, Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү болду.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, буга чейин көзөмөл пункттан тойго же каза болгон жакынын акыркы сапарга узатууга бара жаткан жарандардан телеграмма талап кылынып келген. «Эми мындай талаптар болбойт», - деди элчи.

Ошондой эле, көзөмөл пунктту ачуу боюнча эки өлкөнүн башчылары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 5-6 сентябрда болгон расмий иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады.

Ш.Мирзиёев баштаган делегацияны 5-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация салтанаттуу тосуп алып, кечээ, 6-сентябрда узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5489
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу