Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Фото - Баткендеги майып жубайлар үчүн үй курууга 700 миң сом берген жаран белгисиз болууну каалады

Turmush -  Баткен облусунда майып жубайлар Элмурат менен Кундузга үй курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Мундузбек Темиркулов билдирди.

Анын айтымында, жаш жубайларга үй куруп берүү үчүн 700 миң сом бөлгөн жаран атын ачыктабай, белгисиз болууну каалаган. Учурда үйдүн дубалдары тургузулуп жатат. Курулуш иштерин жаңы жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

Эми жергиликтүү тургундар Элмурат менен Кундузга жардам көрсөтүү үчүн марафон өткөрүүнү пландап жатышат.

Элмураттын айтымында, ал үй иштерине жеңилдик болушу үчүн жубайына атайын идиш жууган машина сатып берген. Учурда жубайлар жаңы салынып жаткан үйгө жылуу пол салдыруу үчүн жөлөк пулдарын чогултушууда.

Кундуз менен Элмурат Жалал-Абад шаарындагы майыптар үйүндө таанышып, кийин баш кошушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9193
Көп окулду
×