Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук 28 жаштагы Мирлан жасаган боз үйлөр чет өлкөлөргө чейин сатылат (фото)

Turmush -  Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынын 28 жаштагы тургуну Мирлан Исаев жасаган боз үйлөр алыскы жана жакынкы өлкөлөргө чейин сатылат. М.Исаевдин айтымында, ал 8 жылдан бери боз үй жасоо менен алектенүүдө.

«Боз үй жасаганды мага атам үйрөткөн, ошол бойдон бул ишти таштабай улантып кеттим. Кийин чет өлкөлөргө сатып, жакшы киреше таап баштадым. Мен боз үйдү жасап, апам менен келинчегим ички жасалгаларын даярдашат. Бир жылдын ичинде 7-8 боз үй сатабыз. Мен жасаган боз үйлөрдү көбүнчө Казакстан жана Чехияга алып кетишет. Жакында Казакстандын Алмата шаарындагы эс алуу жайына барып, боз үй тигип келдим. Бир боз үйдү толук жасоого 20 күн убакыт кетет. Келечекте балдарыма боз үй жасаганды үйрөтүп, менин жана атамдын ишин улантып кетсе экен деген тилегим бар», - деди Мирлан Исаев.

М.Исаев жасаган боз үйүн жабдыгы менен 400 миң сомго чейин баалайт. Ал эки уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 758
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×