Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык Н.Бейшебеков чоң акчага сатпай койгон алгыр куштары, тайгандары менен мелдештерге катышууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 40 жаштагы тургуну Нурсейит Бейшебеков 15 жылдан бери тайгандарды жана алгыр куштарды таптап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул нерсеге бала кезинен бери кызыгат.

«Окуучу кезимден бери атама кошулуп тайган багып чоңойдум. Азыр 1 куш, 2 бүркүтүм бар. Куш 2 жашта, аты Карчыга. 2 жаштагы бүркүтүмдүн аты Кумар. 5 жаштагы бүркүттүн аты Тумар. 2 жаштагы бүркүт Кумардан башкасы менен оюндарга түшүп, жеңишке жетип келем. Булар жайы менен түлөктө отурат. Эртең менен эрте жана кечки салкында учуруп, машыктырып турам.

Былтыр Ош облусунда бүркүттөрдүн мелдешинде 3-4-орунду утуп келдик. Көчмөндөр оюндарынан 62 мамлекеттин мүнүшкөрлөрүнүн бүркүттөр менен далба ойнотуу боюнча мелдешинде 2-орунга жетиштик. «Манас» оюндарынан бүркүт менен оюнга түшүп, 4-орунду алдык.

Тайганды оюн болорго 2-3 күн калганда чуркатып даярдайм. Чет жактан келген туристтер атайлап келип, үйдөн көрүп кетишет. Буларды сатпайм. Баккандарымдын баасы жок», - деди ал.

Аңчы буга катар эле эң биринчи тайганын Кутун деген агасынан белекке алгандыгын кошумчалады.

«Кийин ошол тайган менен көбөйтүп алдым. Азыркы учурда 4 тайганым бар. Каракуш деген тайганым 5 жашта. Салбурун оюндарына чыгып, алдыңкы орундарга ээ болуп келет. Азыр тайганым бооз. Атактуу Кылжейрен деген тайганга алып барып кошуп келдим. Буйруса мыкты күчүктөрдү алам деп турам. Негизи тайганды талаага таштабай багышыбыз керек. Булар менин экинчи үй-бүлөм десем болот (күлүп). Тайгандар да жакшы мамилени каалайт. Ар бирин жаш баладай карайм. Биз канчалык ырайымдуулук кылсак тайгандар ошончолук күчтүү жана күлүк болушат. Буларга атайын эт сатып келип берем, убагы менен тамактандырам.

Күндүз дыйканчылык менен алектенем. Кечки салкында тайгандарды талаа-түзгө алып барып чуркатып, жарыштырып, машыктырып келем. 4 тайгандын ичинен Каракуш тайганым жарыштарга чыгып жалаң алдыңкы орундарга илинип келет. Жарыш учурунда 350 метр аралыкка чуркашат. Жарышка 1 күн калганда жалаң сүт берип карайм. Азыр күзүндө өтө турчу Көчмөндөр оюндарына кызуу даярдыктын үстүндөбүз. Жарышка барганда бүт өрөөндөн тайганчылар келишет. Ошондо тайгандарды көрүп «сенин тайганың жакшы экен, сат» деп аркамдан калбай чуркашат. Кызыктырып чоң сумманы айтышты, эмнегедир саткым келген жок. «Мен сатып алам» деп талашка түшкөндөр көп болот. Кармап турган тайганымды карасам көзүн алаңдатып мени жалдырап карап турат. Ал эмес өзүм ыйлагым келип кетет. Анткени экөөбүз бири-бирибизге көнүп калганбыз. Булар бир адамдын колунда чоңойсо жакшы чоңоёт», - деди ал.

Аңчы-мүнүшкөр жубайы менен 2 уул, 2 кызды тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2078
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×