Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 29.08.2017 09:58 Жаңыланды: 29.08.2017 12:12 На русском

Башы жок денеси таштанды челектен табылган аялдын өлүмүнө келини шектелип кармалды (толукталды)

Turmush -  Ош шаарында башы кесилген денеси таштанды челекке ташталган аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул оор кылмышка каза болгон аялдын келини — 1992-жылы туулган У.А. жана анын бир тууган эжеси — 1980-жылы туулган Г.К. шектелүүдө. Алар бүгүн, 29-августка караган түнү камакка алынганын Turmush басылмасына өздүк булактар кабарлады.

Кийинчерээк Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы каза болгон аялдын өздүгү такталганын билдирди. Ыкчам тергөө тобу маркум Оштогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 1966-жылы туулган тургуну А.Жумагүл экенин аныктаган. 

Окуя тууралуу:

27-август күнү саат 10:30 чамасында Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабындагы таштанды салынуучу контейнердин ичинен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан 40-55 жаштар чамасындагы аялдын башы жок денеси табылган. Расмий билдирүү боюнча, анын бутун да кескилөөгө аракет кылышкан.

Таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, жансыз дене оролгон кѳшѳгѳ, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×