Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Жеңеке: Казакстандан Таласка келин болгон Нургүл жеңе үйдөгү итти семиртип баккан (фото)

Turmush -  Казакстандык 30 жаштагы Райымкулова Нургүл жеңе Талас районунун Кырк-Казык айылына келин болуп келген. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 34 жаштагы жолдошу Руслан Аманов менен ал Казакстанда иштеп жүргөндө таанышкан.

«Жолдошум экөөбүздү таежем тааныштырган. Руслан таежемдин кайын агасынын баласы болот. Үйдө ата-энем «кудаң болот» деп айтышты. Экөөбүз өзүбүзчө сүйлөшүп отуруп бир айылдан экенибизди билгем. Мен «байке» десем, ал эркелетип «карындашым» деп койчу. 11-класста Таластын Кырк-Казык айылына окуганы келип калдым. Бири-бирибизди жакындан таанып, сүйлөшүп калдык. 11-классты аяктаган кезде «ала качабыз, кудалашабыз» дегендер көбөйүп кетти. Атамдар «Руслан жакшы бала, көңүлүң болсо турмушка чык, сени башкалар ала качып кетпесин» дешти. Ошентип экөөбүз баш кошуп калдык. Классташ кыздарымдан эң биринчи мен турмушка чыктым. «Абдан сулуу келин болдуң» дешип, жоолуктарымды ырымдап алып кетип жатышты», - деди ал.

Нургүл жеңе буга катар жаңы келин болгондогу кызыктуу окуялары тууралуу айтып берди.

«Мен үйдүн улуусу болсом да абдан эрке өскөм. Тамак жасаганды такыр билчү эмесмин. Биринчи эле жолдошумдун үй-бүлөсү чоң экен деп бир казан толтура тамак жасап, аны күйгүзүп алып кашыгым жармашып чыкпай калганы эсимде. Апам (кайын эне) күрүч бас десе кантип кызартам деп томат кошкон күндөр болду. Нанымдын ичи бышпай калып, итке бекитип берип жүрдүм. Мен барганда кичинекей арык итти абдан семиртип бактым (күлүп). Бирок апам «сен мындай кылдың» деп эч катуу айткан жок. Тескерисинче жардам берип, көп жумушту үйрөттү.

Үйдө кичинекей кайын иним абдан бейбаш болчу. Эрте туруп эле узун чачымды тарабай, уйпалап байлап, жоолук салынып алгам. Конокторго чай берип отурсам кайын иним жоолугумду башымдан жулуп кетти. Эмне кыларымды билбей уйпаланган чачымды 2 колум менен басып, аркасынан чыгып кеткем. Кайра барып бир уялганым эсимден кетпейт», - деди ал.

Нургүл жеңе 3 кыз, 4 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1499
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу