Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.08.2017 10:42

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Эрназ Кара көзү менен туристтерге кызмат кылат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 17 жаштагы тургуну Эрназ Жеңишбеков туристтерге бүркүтү менен кызмат кылат.

Э.Жеңишбеков бир жыл мурда тоодо жүрүп, бүркүт кармап алганын, аны күн сайын таптоого аракет кылып, колго көндүрүп алганын айтат. Быйылкы жылы бүркүтүн сынап көрүү максатында тоого чыгып, туристтерге кызмат көрсөткөнүн белгиледи.

«Бүркүтүм 1 жашта, ага Кара көз деп ысым койгом. Анткени алгыр бүркүт кара көздүү. Ага күн сайын бир ууч эт берип, маалы менен учуруп, таптайм. Кара көз менен бир катар чет элдик туристтер сүрөткө түшөт. Күн сайын 1500 сомдон каражат табам. Бүркүт менен бир ирет сүрөткө түшүү 200 сом», - дейт Эрназ.

Ал алдыда дагы бүркүт таптап, куш салууга кызыкдар болуп, анын сырларын өздөштүрүп жатканын белгиледи. Учурда ал борбордогу №100 кесиптик окуу жайда ширетүүчү кесибине ээ болуу үчүн окуп жатат.

Ал эми 5-класстын окуучусу Жеңишбек Кабылбеков эшеги менен эс алуучуларды шаркыратмага алып барып келет. Акысы 200 сом. Жеңишбек эшегин «Мерседесим» деп атайт. Ал мындагы балдардан айырмаланып, эшеги менен тейлөө кызматын көрсөтүп келет. Женишбектин айтымында, эшек минип сүрөткө түшүүгө 40 сомдон алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×