Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 27.08.2017 19:03 На русском

Оштогу таштанды челектен аял кишинин башы жок денеси табылды

Turmush -  Бүгүн, 27-августта саат 10:30 чамасында Ош шаарындагы таштанды салынган контейнерден аял кишинин башы жок денеси табылды. Болжол менен 40-50 жаштагы аялдын денесин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Социалдык университеттин окуу имаратынын маңдайынан табышкан.

Turmush басылмасынын кабарчысына Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аялдын буттарын дагы кескилөөгө аракет кылышкан. Учурда ыкчам топ оор кылмыштын бетин ачууга киришти.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×