Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу 23.08.2017 13:27

Тосор айылында 23,5 млн сомго бала бакча курулууда

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылында бала бакча курулууда. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунда мектепке чейинки билим берүү мекемелерин көбөйтүү максатында бир катар айылдарда бала бакчалардын курулушу жүргүзүлүүдө.

Алсак, Тосор айылында АРИС долбоорунун каржылоосунда сметалык наркы 23 миллион 593 миӊ 281 сомдук 100 орунга ылайыкталган бала бакча курулуп жатат. Курулуш иштерин «Минур» ЖЧКсы аткарууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×