Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Кыргызстандагы эң жаш «Баатыр эне» С.Сопубекованын балдарын кайын энеси экөөлөп карайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 30 жаштагы тургуну Сания Сопубекова менен 34 жаштагы жолдошу Асылбек Эшманбетов 7 баланын ата-энеси. Көп балалуу жубайлардан аймактык кабарчы кабар алды.

Сания жеңенин айтымында, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында чоңойгон. Учурда Кыргызстан айылындагы эң жаш «Баатыр эне».

«Кыргызстан айылына 19 жашымда келин болдум. Эң улуу балам 11 жашта, эң кенжеси 1,5 жаштан өттү. Бешинчи, алтынчы балдарым эгиз төрөлдү. Жетинчи баламды 28 жашымда төрөдүм. Көп балалуу болсом деп кичинемде ойлоп койчумун. Бирок «Баатыр эне» наамын алам деп ойлогон эмесмин. Албетте ар бир баланын түйшүгү бар, түн уйкуңду бересиң, багасың, карайсың дегендей. Бирок ал убактылуу кыйынчылык. Ал учур өткөн соң эстебей деле каласың. Менимче аялзаты үчүн эң зор бакыт балдарында. Балдарыбызды багууда көбүнчө апам (кайын энеси) каралашып, чоң жардам берет», - деди ал.

65 жаштагы кайын энеси Сарчаева Күлийпа апанын айтымында, өзү 10 бала төрөгөн.

«Эң кенже уулум менен келиним 7 балалуу болушту. Неберелерим мен жок болсом ыйлап укташпайт. Таенесинин үйүнө барышса дагы жатпай келишет. Бат эле сагынышып калабыз. Мени менен чогуу жүрүп көнүп калышкандыктан, унаага түшсөм ээрчип кошо унаага түшүшөт. Конокко көп учурда үйдөн уурданып, качып чыгып барып келем. Көп балалуу болгону менен биз келиним экөөбүз карап, көп кыйналган жокпуз. Ушул неберелерим аман-эсен болуп, келечекте кең жолдорго түшүп, бактылуу болуусун тилейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21222
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×