Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бишкекте даараткананын чуңкурунан куткарылган ымыркай балдар үйүнө которулду (фото)

Turmush -  Бишкектин Арча-Бешик конушунда көчөдөгү дааратканада төрөлгөн кыздын абалы жакшырып, балдар үйүнө чыгарылды.

№3 балдар клиникалык ооруканасындагы башкы дарыгердин орун басары Данияр Шайбековдун айтымында, ымыркайдын абалы туруктуу. Ага байланыштуу жандандыруу бөлүмүнөн дароо балдар үйүнө которулду.

Балдар үйүнөн ымыркай 17-августта которулганын билдиришти. Ага эми туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

Учурда милиция кызматкерлери көчөдөгү дааратканага төрөп, өзү качып кеткен энени издөө иштерин улантып жатышат.

Окуя туралуу:

2017-жылдын 31-июлунда саат 10:00 чамасында Арча-Бешик конушунда барак тибиндеги үйдүн дааратканасында төрөлгөн ымыркай ошол жердеги жашоочулар тарабынан куткарылган.

Кошуналар Нурзат, Нурзамат, Элдияр уулу Бактияр, Мурат, Майрам Өмүралиева

1

Жергиликтүү тургун Нурзаттын айтымында, окуя саат 10:00 чамасында болду.

«Саат 10:00 чамасында эшикке бир нече жолу чыгып караганда даараткананын эшиги жабык болчу. Бир нече мүнөттөн кийин кайра чыксам эшик ачылып калыптыр. Ичине киргенде жер кан болуп турганын көрүп, даараткананын чуңкурунан ымыркайдын ыйлаган үнүн уктум. Дароо сыртка чыгып, кошуналар менен жолдошумду чакырдым», - деди Нурзат.

Анын жолдошу Муратбек Мамырбаевдин айтымында, дароо кошуналарын чакырып, тез жардам жана милиция кызматына телефон чалган. Алгач милиция кызматкерлери, андан кийин дарыгерлер жеткенин кошумчалады.

Ымыркай кызды дааратканадан 17 жаштагы Майрамбек уулу Нурзамат кол чырактын жарыгы менен таап, сыртка алып чыккан.

Мурат менен Нурзамат

1

«Менин бутумдан Мурат менен Бактияр байкелер кармап турушту. Алгач баланын колун көрүп, өзүмө карай тартканда ыйлап жиберди. Анын тирүү экенин билгенде барыбыз сүйүндүк», - деди Нурзамат.

Дарыгерлер жеткиче ошол жердеги аялдар телефон аркылуу маалымат алып, ымыркайды жуунтуп, киндигин кесишкен. Күбөлөр дарыгерлер ымыркайды алып чыккандан 45 мүнөт өткөндөн кийин келгенин кошумчалашты. Барак тибиндеги үйдүн жашоочулары белгилегендей, ал аймакта кош бойлуу аял жок болчу.

Ымыркай жеткирилген оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилованын айтымында, ымыркай жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, алгачкы күндөрү абалы оор болуп жаткан. Анын салмагы 3 кг 396 гр болду.

Аман куткарылган ымыркай

1

Ымыркай төрөлгөн даараткана

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3804
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу