Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.08.2017 10:00

Жеңиш Жоробеков Каракол ШИИБдин жетекчиси болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп Жеңиш Жоробеков  дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

Бирок, жаңы жетекчи жамаатка тааныштырыла элек.

Ж.Жоробеков Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси болуп 2013-жылдын июнь айынан 2017-жылдын февраль айына чейин иштеген. Ага чейин Тогуз-Торо РИИБдин башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми Каракол ШИИБди буга чейин Азамат Токтоналиев жетектеп келген.

Өмүр таржымалы:

Жоробеков Жеңиш Мамаюнусович 1971-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында туулган.

Эмгек жолу:

- 1992–1993–жылдары ИИМдин Бишкектеги милициянын жогорку мектебинин курсанты;

- 1993–1996–жылдары Түркиянын Полиция Академиясынын курсанты;

- 1996–1997–жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын аймактык тескөөчүсү;

- 1997-жылы Бишкек ШИИБдин «Бүркүт» мобилдүү оперативдик тобунун опер кызматкеринин жардамчысы;

- 1997–1998–жылдары Бишкек ШИИБдин «Бүркүт» мобилдик-оперативдик тобунун ага опер кызматкери;

- 1998–2001-жылдары Бишкек ШИИБдин «Бүркүт» мобилдик-оперативдик тобунун командири;

- 200–2004-жылдары Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ага опер кызматкери;

- 2004–2005-жылдары ИИМдин КИББнын уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;

- 2005 – 2006-жылдары Бишкек ШИИБдин КИБ башчысынын орун басары;

- 2006–2007-жылдары Бишкек ШИИБдин Октябрь РИИБдин башчысынын кылмыш иликтөө иштери боюнча орун басары;

- 2007–2008–жылдары Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2008–2009–жылдары Чүй ОИИБдин Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы;

- 2010–2013-жылдары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы;

- 2013-жылдын июнь айынан 2017-жылдын февраль айын чейин Жалал-Абад ОИИБдин башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×