Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

А.Шагиева атасы Алмазбек Атамбаевге чексиз сүйүүсүн билдирген видеотасма

Turmush -  Социалдык тармактардагы активдүү колдонуучулардын катарын толуктаган Алия Шагиева атасына арнап даярдаган видеотасманы жарыялады. Президент Алмазбек Атамбаевге арналган тасмада таланттуу сүрөтчүнүн атасына болгон чексиз сүйүүсү баяндалат.

Ой толгоону орус тилинен Нурболот Азаматов кыргызчага которгон (өзгөртүүсүз жарыяланды).

«Акыркы сүрөттө кандай көрүнүп турганымды түшүндүм. Өзүмдүн кызыл көйнөгүм, кызыл ооз боёгум менен саргыл кызыл отургучта отурганым – муздак ташка тамып, аны илеби менен күйгүзүп жиберген кандын тамчысына окшош экен.

Учурда саат 03:53. Instagram баракчамда түнкү баарлашууну жарыяладым эле, элден келген түркүн суроолорго эми гана жооп берип бүттүм. Азыр жазып жатып, эмне себептен кол жазмам башкача эмес, дал ушундай экендигин, эмнеге тамгалар туш тарапка учуп, сап деңгээлинен секирип... эмнеликтен ал атамдыкына мынчалык окшоштугун жана эмнеден улам мен аны өзүмдү, дүйнөнү жана андагы адамдарды жакшы көргөндөй жакшы көрөрүмдү болуп көрбөгөндөй түшүнүп турам. Ар бир улуу киши – жөн гана өсүп жаткан, маңдайына жазганын көрүп жаткан жаралуу наристе. Менин үнүмдү угуп жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазымын. Угасыздар, тыңдайсыздар, аз да болсо кайтарымсыз тартуулап жаткан сүйүүмдү өзүңүздөргө сиңирип, көбөйтүп жатасыздар. Кайтарымсыз жана жеңил. Анткени, мен ага толуп турам. Мен берем, бирок ал кемибейт. Анткени Сүйүү чексиз, а кастыктын чеги бар.

Ар күнү, аныгында түнкүсүн, сырын менден жашырбаган бейтааныш адамдардан баа жеткис каттар келет. Кубанычтуу да, кайгылуу да, акылга сыйбас да. Түркүн сырлар. Мага келген ар бир катты үн чыгара окуп, мындай видеотасма жараткым келет. Ушунчалык окуяларга бай. Бул мени сүйүктүү «Вавилон» тасмасына караганда көбүрөөк таасирлентет. Башымдан өткөрүп жаткан мынчалык ыраазычылыкты сыйдырууга дене боюмдун кудурети жетпейт го. Физикалык турпатыбыздан тышкары менталдык тулку болгону кандай жакшы. Жан дүйнөнүн чеги жок. Жан дүйнө баарын камтыйт. Жан дүйнө чексиз өсөт», - деп жазылат Алиянын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8263
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
×