Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Фото - Ош — Кара-Суу жолундагы унаа бир нече жолу оодарылып, жаш кыз каза болду

Turmush -  Кара-Суу районундагы автоунаа кырсыктан 20 жаштагы кыз каза болду. Ош облусу боюнча патрулдук милиция кызматынан билдиргендей, 11-августта болжол менен саат 14:00 чамасында Кара-Суу шаарынын 21 жаштагы тургуну «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү автоунааны Ош — Кара-Суу унаа жолунда айдап бара жатып, рулду башкара албай жолдун ортосунда жайгашкан битонду сүзүп, карама-каршы тилкеге бир нече жолу оодарылып кеткен. Аталган автоунаа кырсыгынын кесепетинен 3 адам Кара-Суу аймактык ооруканага оор абалда жеткирилген. Ал эми, Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн 20 жаштагы тургуну У.М. окуя болгон жерде каза болгон.

Буга чейин Кара-Суу районундагы Ош — Кара-Суу унаа жолунда 11-августта жол-транспорт кырсыгы болгондугун «Репортер» басылмасына окуянын күбөлөрү билдиришкен.

Алардын айтымында, Ош — Кара-Суу унаа жолундагы унаанын артынан патрулдук милиция кубалап бара жаткан. Ошол маалда айдоочу рулду башкара албай, унаа 3 жолу оодарылып кеткен. Анын кесепетинен жүргүнчү кыз каза болуп, айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилди.

82550.700

82548.700

82549.700

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13932
Көп окулду
×