Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Ош шаарынын делегациясы иш сапар менен Өзбекстанга барышты

Turmush -  Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев баштаган делегация 10-августта Өзбекстандын Андижан шаарында болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган иш сапар Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашты. Делегациянын курамына шаардагы тиешелүү тармактын жетекчилери, ишкерлер жана маданият кызматкерлери киришкен. Оштон барган делегацияны Андижан шаарынын акими Д.Рахматуллаев баштаган топ жылуу маанайда тосуп алды.

Алгач расмий топ Андижан облусунун Ходжаабад районундагы «Навигул» биргелешкен ишканасына барышып, ал жердеги логистикалык борбор, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалардын иши менен таанышты. Андан соң, Андижандагы автосалон, «Андижан теххизмат» ишканасы, шаардык борборлоштурулган балдар ооруканасынын, «Махалла гузар» деп аталган курулуш объектилери менен таанышып чыгышты. Сапар андан ары Захир-ад-дин Бабур атындагы тарыхый музейинде уланып, Бабурдун тарыхтагы ордун чагылдырган китептер, тарыхый буюмдардын өзгөчөлүгү делегациянын эсинде калды. Бул жолугушуунун эң бир маанилүү окуясы Андижан шаарындагы «Богишамол» паркына кыргыз улуттук боз үйүнүн тигилүүсү болду.

Бул белекти А.Кадырбаев Андижан дагы Кыргыз улуттук маданий борборунун жетекчиси А.Насировго аманат катары тапшырып, төмөнкүлөрдү айтты:

«Мына бүгүн кошуна Андижан шаарында тарыхый бир чоң окуя болуп жатат. Маалым болгондой, Захир-ад-дин Бабур Ош шаарындагы Сулайман тоонун чокусуна үй салып, ошол жерде шаарга суктанып эс алган экен. Мына бүгүн биз дагы тарыхты улап, Андижандын борборуна кыргыз боз үйүн тигип, эки эл эс алып отурабыз. Кыргыз менен өзбек эли мурунтадан ага-ини, дос, бир тууган эл болгон. Биздин талаша турган эч нерсебиз жок, тилибиз динибиз, базар-мазарыбыз да бир. Туура чек арабызга убактылуу чектөөлөр кирген эле, бүгүн болсо бул маселе дагы чечилип келүүдө. Эки өлкөнүн президенттери бул маселеге олуттуу маани берип, балким жакынкы убакта чек араларыбыз толук кандуу ачылып калат деген ниеттемин. Учурдан пайдаланып ушул саамалыкты колдоп кубаттаган Андижан облусунун башчысы Ш.Абдурахмановго, Андижан шаарынын башчысы Д.Рахматуллаевге жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине терең ыраазычылыгымды билдиргим келет», - деди ал.

Жумушчу сапардын экинчи бөлүгүндө Ош шаары менен Андижан шаарынын ишкерлеринин ортосунда бизнес форум өткөрүлүп, форумду Андижан шаарынын мэри Д.Рахматуллаев ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык кызматташтыкка бардык шарттар бар экенин белгиледи. Кыргыз жана өзбек ишкерлерине инвестициялык жана жагымдуу бизнес климаттын болушу үчүн тиешелүү кадамдарга барууга даяр экендигин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап бардык тармакта активдүү өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1156
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 8 адам окуп жатат)
×