Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдо 10 мектепте 13 миң окуучу билим алат, имараттар жетишсиз, - билим берүү бөлүмү

Turmush -  Каракол шаарындагы 10 мектепте 13 миң окуучу билим алып, мектеп имараттарынын жетишсиздиги биринчи орунда турат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вера Апышева 12-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан билим берүү системасынын жетекчилеринин августтук кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, шаарда 10 мектеп иштейт.

«Негизи ар бир класста 30 бала окушу керек болсо, бизде бир класста 40-50дөн бала билим алат, бул бардык нормаларга ылайык келбей жатат», - деди ал.

В.Апышева жаңы мектептерди куруу сунушу менен кеңешмеге катышып жаткан премьер-министр С.Жээнбековго кайрылды. Ал өз кезегинде план боюнча шаарга бир мектеп куруу каралганын айтты.

«Караколдогу №11,6,3,1 мектептер үч сменде иштейт. 1050 окуучуга эсептелген мектепте 1800, 2200 бала окуйт. Мисалы №11 гимназияда 2200 бала болсо, №1 мектепте 1800 бала бар. Мындан улам 5000 балага жаңы мектептерди куруу керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 892
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×