Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Коомдо жаңы кесиптерге муктаждык күн сайын өсүп жатат, - өкмөт башчы

Turmush -  Биздин коомдо жаңы кесиптерге муктаждык күн сайын өсүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр С.Жээнбеков бүгүн, 12-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан билим берүү системасынын жетекчилеринин августтук кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын дүйнөдө жаңы технологиялар өнүгүүдө. Ошондуктан кесип тандоого өзгөчө көңүл буруу керек.

«Убакыт бир орунда турбайт, күн сайын жаңы идеялар, өзгөрүүлөр болуп жатат. Кесип тандоо бүгүнкү күндө чоң роль ойнойт. Азыркы жаштар бул маселеге жакшы көңүл бурушу керек», - деди өкмөт башчы.

Ал белгилегендей, өкмөт тарабынан дагы абитуриенттер татыктуу билим алууга тиешелүү шарттарды түзүшү керек.

2013-2017-жылдын стратегиялык өнүгүүсүндө билим берүү системасын өнүктүрүү маселеси каралган. Анын негизинде Кыргызстан социалдык тармакка эң көп бюджеттик каражаттарын жумшаган 11 өлкөнүн катарына кирди. 2016-жылы бул багытка мамлекеттик бюджеттен 5 млдр 400 сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 662
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 7 адам окуп жатат)
×