Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Россиядан окуган альпинист Арслан көп кабаттуу үйлөрдүн терезесин жууйт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн альпинист Акылбек уулу Арслан көпчүлүк адам чыга албаган бийиктиктерди багындарган. Ал Россиянын Москва шаарына барып, атайын альпинизм боюнча курсту окуп келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен альпинизм тармагында иштеп жатканыма 4 жылдын жүзү болуп калды. Биздин жумуш өтө кооптуу жана коркунучтуу болгондуктан бул жаатта көп адам иштей беришпейт. Өзүм айыл жергесинде чоӊоюп, бийик аскалуу тоолордо эчки кубалап эле жүрчүмүн. Ошол бала кезден эле өзүмдү аталган тармакка даярдаптырмын. Альпинизм боюнча курсту окуп жатканда өндүрүштүк практикадан бийикке чыгып, кайра түшүп машыгууларды өткөрчүбүз. Бирок баары бир пендебиз да, кээде коркуу сезим болуп кетет.

Азыр бийик кабат үйлөргө чыгып, айнек жууп, сырдачу жери болсо сырдап, штукатурка тартып, кондиционер орнотобуз. Кылган жумушубуздун акысы ар кандай болот. Москвада иштеп жүргөндө 247 метр бийиктиктеги мунарада иштегем», - деди ал.

Ал бийик кабат үйлөрдүн терезесин жууп, күлкүлүү окуяларга көп туш келет.

«Биздин жумушта кызыктуу окуялар көп эле болот. Бир жолу абдан бийик имаратка чыгып, терезе жуюн десем эле терезе ачык экен. Бөлмөнүн ичинде бир кыз ары карап столдо документтерди жазып жаткан экен. Мен аны чочутуп албайын деп, акырын терезени черткиледим. Ал болсо эшикти тыкылдатып жатат деп ойлоп, "эшик ачык, кире бериӊиз" десе болобу. Мен бир жылмайдым да "чоӊ кыз терезени жаап коесузбу" жууп кетейин десем эле, ал дароо мен жакты  карап "аа..." деп эле чаңырып жиберди», - деди ал.

Альпинист үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2575
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×