Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Нарын

Жумгалда жол оңдоо иштери өз нугунда жүрбөй жатат (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун катышуусунда райондордогу жол тейлөө мекемелеринин жетекчилеринин жыйыны өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жыйында Жумгал районунда жолго байланыштуу иштер өз нугунда жүрбөй жаткандыгы сынга алынды. Ошондой эле, Нарын облусунда 9 жол тейлөө мекемеси 2 миң 722 чакырымдагы жолго оңдоо иштерин жүргүзөрү, анын ичинен 2 миң 187 чакырымы шагыл жолдор экендиги айтылды. Өз кезегинде облус жетекчиси алардын жолду оңдоодогу айрым көйгөйлөрүн тиешелүү жерлерге жеткирип, жардам берерин убада кылып, жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2313
Көп окулду
×