Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

М.Мадаминовадан өзбек тилинде Кыргызстанды даңазалаган ыр (клип)

Turmush -  Ырчы Мукарам Мадаминова Кыргызстанды даңазалаган чыгарманы өзбек тилинде ырдап чыкты. «Кыргызстаным» аталышындагы чыгармага клип дагы тартылып, Кыргызстандын кооз жаратылышы, суулары, Сулайман-Тоо, 7 облус, жаш балдардын бактылуу жашоосу жана түрдүү курулуштар курулуп, өлкөнүн өнүгүп жатканы даңазаланган.

Ырдын сөзүн Рахим Карим жазса, музыкасы Мукарам Мадаминовага таандык. Ырга тартылган клиптин режиссеру — Илья Тарасов.

М.Мадаминова Ош шаарындагы П.Чайковский атындагы искусство мектебинде 24 жылдан бери мүдүрлүк кызматты аркалап келет. Атасы кыргыз, апасы өзбек улутунан болгондуктан, эки улуттун достугу бекем болушун тилейт.

«1984-жылдан бери музыкалык мектепте фортепианодон сабак берем. Музыка жазып, бир катар шакирттерди тарбияладым. Кыргыз эстрадасында таанымал болуп калган ырчылардан Замир Мырза, Сайкал Садыбакасова менин окуучуларым.

Буга чейин клип тарттырууга кызыкчу эмесмин. Досторумдун сунушу менен Ошто жашаган өзбек акын Рахим Каримдин калемине таандык ырга обон жазып, тар чөйрөлөрдө ырдап жүргөм. Ар улуттан куралган топ ал чыгармага ушул айда клип жараттык. Ырдын максаты — эки элдин ортосундагы достукту бекемдөө жана даңазалоо. Клиптин жарыкка чыкканына 4 күн болду», - деди М.Мадаминова.

Кыргыз жигити менен түтүн булаткан таланттуу айым 2 уул, 5 неберенин апасы.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4017
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Q-I-W-I_2016
14:56, 11 августа 2017
Рахмат, азаматсыз
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×