При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Ысык-Көлдө каза болгон Швейцариянын жараны кыргызстандык жубайы менен эс алууга келген

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында каза болгон Швейцариянын жараны кыргызстандык жубайы менен эс алууга келген.

Turmush басылмасына Ысык-Көл ОИИБден билдиришкендей, Швейцариянын жараны бүгүн, 11-августта болжол менен саат 08:40 чамасында каза болгон.

Окуя тууралуу маалымат Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө саат 09:00 чамасында түшүп, жергиликтүү тургундар көлдүн жээгинде чет элдик эркек кишинин денеси табылганын билдиришкен. Окуя болгон жерге оперативдүү тергөө тобу барып, текшерүү учурунда анын денесинде кыйнап өлтүрүү белгилери жок экенин аныкташкан.

Ысык-Көлдө каза болгон Швейцариянын жараны Мюнхен Карл Юсеф жубайы — Бишкек шаарынын 1964-жылы туулган тургуну менен 9-августта эс алууга келген.

Жубайынын айтымында, алар 1995-жылдан бери никеде турушат. Жолдошу Швейцарияда жашачу, бирок Кыргызстанга бат-баттан келип турчу. Карл Юсеф жогорку кан басым менен жабыркап, дайыма дары ичип турчу. Ысык-Көлгө барганда алар дарыларын Бишкекке унутуп калышкан. Бүгүн, 11-августта кайра Бишкекке келишмек. Ал эми Карл Юсеф көлгө түшүүгө кетип, көлдөн чыкканда жүрөк оорусу кармап, кулап калган.

Чет элдик жарандын каза болушу боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4371
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу