При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Аксыда 22 жаштагы жигит чөп пресстеген унаага кулап каза болду

Turmush -  Аксы районунда 22 жаштагы жигит чөп пресстеген унаага кулап, алган жаракатынан улам каза болду. Бул маалыматты Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдыраманов тастыктады.

Маалым болгондой, окуя 9-августта болгон. Аксы районунун Байгашка-Терек айылынын 22 жаштагы тургуну талаада чөп жыйнап жүрүп, чөп пресстеген унаага кулап кеткен. Унаанын чөп жанчуучу жабдыгы жабырлануучунун башын жанчып кеткен.

Каза болгон жигит жерге берилип, учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу