Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан жаш келин 1 жаштагы уулу менен каза болду (жабыркагандардын тизмеси)

Turmush -  Тоң районундагы жол-транспорт кырсыгынан 22 жаштагы келин, анын 1 жаштагы уулу каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, окуя Бар-Булак айылынын аймагында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын саны 9 адамга жетет. Жабырлануучулар Балыкчы шаардык жана Тоң райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. 

Кырсыкка катышкан жүк ташуучу кичи автобусту Тогуз-Булак айылынын тургуну Бишкек шаарын көздөй башкарып бара жаткан. Кичи автобус Ош шаарынын 59 жаштагы жашоочусунун башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен бет маңдай кагылышкан. Жеңил унаадагы оор жаракат алган аял окуя болгон жерде каза болуп, анын 1 жаштагы уулу Балыкчы шаардык ооруканасында көз жумган.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, жол-транспорт кырсыгы Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 49-чакырымында катталды. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. 

Turmush басылмасына айылдын тургуну Кенжебек Тагаев «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү жүк ташууу унаа цемент жүктөп бара жатканын айтты.

«Күбөлөрдүн айтымында, жүк тарткан унаа катуу ылдамдыкта жүргөн эмес. Ал эми жеңил унаа катуу ылдамдыкта бара жаткан. Азырынча ким күнөөлүү экени белгисиз. Окуядан кийин жүк тарткан унаа каналга кулап кетип, жеңил унаанын артында баласы менен отурган келин ошол жерден каза болуптур», - деди Кенжебек Тагаев.

Каза болгон эне-бала:

- 2016-жылы төрөлгөн А.Макен, Ош облусундагы Кара-Суу районнун Кайрат айылынын тургуну (ооруканада каза болгон);

- 1995-жылы туулган Ж.Зарипа (окуя болгон жерде көз жумган).

Жабырлануучулардын тизмеси:

- 1984-жылы туулган Ж.Замира, Кара-Суунун Кайрат айылы;

- 1958-жылы туулган Ж.Саландин, Кара-Суу районунун Жоош айылы;

- 2014-жылы төрөлгөн А.Салиха, Жоош айылы;

- 1961-жылы төрөлгөн Ы.Орунхан, Жоош айылы;

- 2006-жылы төрөлгөн М.Айбийке, Жоош айылы;

- 2013-жылы төрөлгөн Т.Мырзайым, Жоош айылы;

- 2009-жылы төрөлгөн Т.Айсезим, Жоош айылы;

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4343
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×