Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

УКМК активист М.Аскарбековго кылмыш иш козгоду

Turmush -  УКМК активист Мавлян Аскарбековго карата кылмыш иш козгоду.

Комитеттин маалыматына караганда, 20-июлда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы, Коомдук ачык билдирүүлөр боюнча соттук экспертизанын мамлекеттик борборунун адистеринин корутундусунун негизинде активистке карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (бийликти күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакыруу) менен кылмыш иш козгоду.

Бүгүн, 10-августта М.Аскарбеков УКМКга суракка чакырылды.

повестка

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2075
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×