Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Эгиздер: Сезим менен Назимди атасы мурундарынан айырмалайт (фото)

Turmush -  Талас районунун Беш-Таш айылында жашаган эгиздер Сезим менен Назим Бактыбекованы атасы мурундарынан айырмалап тааныйт. Аймактык кабарчы алардын үй-бүлөсү менен таанышты.

Кыздардын атасы Бакытбек Кубатбековдун айтымында, эгиздер 2010-жылы 18-августа төрөлүшкөн.

«Жубайым Роза Айдарбекова экөөбүз 3 кыз, 1 уулдан соң эгиз кыздуу болдук. Экөөнүн кийимдери окшош болгондуктан кээде кийимдерин алмаштырып алсак кийбей, өздөрүнүн кийимдерин издей башташат. Азыр 1-классты бүтүрүштү. Келечекте дарыгер жана мугалим болобуз дешет.

Мен капталдарынан айырмалай албай калганымдан мени тамашалашат. Бирөөсүнүн мурду чоңураак, бириники кичинерээк болгондуктан мурдуларын карап айырмалайм. Мурдуларын жаап алып, «ата мен киммин?» деп күлүп келишет. Божомолдоп улам биринин атын айта берем. Туура келип калса «атам мени тапты» деп сүйүнүп калышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1229
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×