Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баткен

40 небере, 39 чөбөрөлүү ардагер Садыков Мамадамин ата 94 жашка чыкты

Turmush -  Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылында жашаган Садыков Мамадин ата 94 жылдык мааракесин белгиледи. Аймактык кабарчы атадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, согуш мезгилинде башкалар сыяктуу эле колхоздо эмгектенип, жеңишке өз салымын кошкон. Согушка аттанууга жашы жетпегендиктен 14 жашында эл катары оорукка жөнөтүлгөн. Ал жактагы күжүрмөн эмгеги бааланып, атайын сыйлыктар менен сыйланды. Байбичеси экөө 6 кыз, 4 уулуна татыктуу тарбия берип, 40 небере, 39 чөбөрөлүү болушту.

Кара Булак айылында жалпысынан 4 миңге жакын адам жашаса, алардын экөө гана ардагер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1344
Көп окулду
×