Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык К.Кадырбеков станок жасап, күнүнө 700 даана пескоблок чыгарууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Атай Огомбаев айылынын 40 жаштагы тургуну Кумарбек Кадырбеков өзү жасаган станоктон күнүнө 600-700 даана пескоблокторду чыгарууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, пескоблоктордун салмагы 20 кг чейин жетет.

«Мен 8 жыл Россияда иштеп келдим. Үйдүн кичүү уулу болгондуктан ата-энемдин колунда калдым. Ойлонуп отуруп, пескоблок жасаса болот деген чечимге келдим. Интернеттен көрүп, алгач пескоблок жасай турган станок жасадым. Анын топурагын аралаштыргыч жасап, ушул жылы жазында алгачкыларын жасай баштадым. Колго жасалган буюмда кемтиги болот, иш үстүндө оңдоп отуруп, жакшы иштеген абалга алып келдим. Буйруса дагы бир станок жасайм деп турам.

Чыккан пескоблоктордун 2 формасы бар. Бири кичине, бири чоң. Учурда 2 бала иштейт. Жумуш оор болгондуктан 2 күн иштеп, 2 күн эс алышат. Башында эң кыйыны колдонулуучу топурактын өлчөмүн билүү болгон. Анткени топурагынан кичине эле ката кетсе, бардык ишиң жараксыз болуп калмак.

Топурак 2 түрдө болот. Аны заводдон сатып алып, кум менен таш аралашкан топуракты кошобуз.Таш аралашканда бекем болот. Мисалы, 15 челек майда кум, 20 челек топурактан 1 челек цемент кошулат. Топурак аралашкан соң станокко салынып, матрицаларга куюлуп, формага келет. Андан соң кургатылып, 2 күндө колго кармалып катат. Толук 1 жумада кургап даяр болот», - деди ал.

Уста-ишкер жубайы экөө 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1306
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×