При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Мен Кыргызстанды саткан жокмун, - эл аралык сынактын финалында Армениянын атынан чыккан Сусанна

Turmush -  «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагынын жыйынтыгы менен Сусанна Егорян эл аралык World Next Top Model 2017 сынагына жөнөтүлүп, бирок финалда Армениянын атынан чыкты.

Ал бул кадамын өзүнүн социалдык баракчасында мындайча түшүндүрдү:

«Айымдар жана мырзалар, эми мени жакшылап уккула! Келгиле башынан баштайлы. Биринчиден, мени бул сынакка мамлекет жиберген жок, өзүм учуп бардым. Экинчиден, сынакта кээ бир учурда өзүңдү көрсөтүп жаткан мамлекеттин атынан, кээде паспортто көрсөтүлгөн өзүңдүн улутуңдун атынан чыгуу керек деген эрежелер болду. Мага жана көптөгөн башка кыздарга экиден тасма берилди. Менин жеңишим мамлекет үчүн да, улут үчүн да эсептелди. Мен түшүнбөйм, эмнеге мынча чуу болуп жатат? Мен өз өлкөмдү саткан жокмун. Өзүм учуп баргандыктан улутумдун атынан чыксам деле болмок. "Сен кыргыз болбогон соң, Кыргызстандын атынан чыгууга татыктуу эмессиң" деп көп адамдар айтышты. Бирок, мен анткен жокмун, улутумдун атынан эмес, Кыргызстандын атынан чыктым», - деди ал.

Буга чейин 18 жаштагы сулуу 14-июлдан 6-августка чейин Ливанда өткөн сынакта вице-мисс наамын жеңип алганы жарыяланган эле.

Сынактагы расмий сүрөттөрдөн Сусанна алгач Кыргызстандын атынан чыгып, бирок финалда Армения өлкөсүн көрсөткөн тасма тагынып жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле, вице-мисс наамын алганда Армениянын жараны катары чыккан.

a9afce88675e4e9c3fa7e6a658ca17f3_500_0_0

Сусанна Егорян «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагында «Подиум сулуусу» наамын жеңген эле.

Кийинчерээк аны эл аралык сынакка жөнөткөн «Кыргызстан сулуусу» сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

«Бул маалыматты бүгүн угуп, көпчүлүк сыяктуу мен да таң калдым. Мен Сусаннаны Кыргызстандын атынан жөнөткөм. Ал мени жана Кыргызстанды сатып кете турганын билген жокмун», - деди Таттыбүбү.

Анын айтымында, Сусанна Кыргызстандын жараны болгондуктан World Next Top Model сынагынын уюштуруучулары финалда Армениянын атынан чыгарууга укугу жок болчу.

«Менимче, сынактын уюштуруучулары ката кетирип же Сусанна өзү ушундай чечим кабыл алган. Бирок, Армениянын атынан чыгуу тууралуу өзү чечим кабыл алса дагы уюштуруучулар буга жол бербеши керек эле», - деди Таттыбүбү.

Ал Сусанна Кыргызстанга кайтып келгенден кийин териштирүү иштери жүрө турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу