При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Караколдогу банктын жоголгон кызматкери Бишкекке учуп келди (фото)

Turmush -  Каракол шаарынан жоголгон банктын кызматкери Екатерина Лященко Россиянын Москва шаарынан Бишкекке учуп келди. Бул маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-августта билдирди.

«Бишкек шаарына 7-августта келген Е.Лященко "Азия Банкы" ЖАКтын борбордогу кеңсесинде болуп, тактоо иштери жүрүп жатат. Банктын кызматкери эч кимге айтпай кетип калуусуна 182 миң сом суммадагы каражатты кокустан туура эмес дарекке жөнөткөнү себеп болгон», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Каракол ШИИБ учурда 1988-жылы туулган Е.Лященко шаарга келе электигине байланыштуу анын жоголгону боюнча козголгон ишти жаба элек.

Окуя тууралуу

Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакуновдун билдирүүсү боюнча, арыздануучу — 1953-жылы туулган Г.И. кызы — 1988-жылы туулган Е.Лященко 27-июлда саат 07:50 чамасында үйүнөн жумушка чыгып кеткен бойдон кайтып барбаганын билдирген. Апасынын айтымында, алардын үйүндө эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Бул билдирүүдөн кийин Каракол ШИИБдин тергөөчүлөрү ыкчам тергөө иштерин башташкан.

ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, «Азия Банкы» ЖАКтын Караколдогу бөлүмүнүн төлөм карталары боюнча адиси Е.Лященко 27-июлда саат 12:45ке чейин жумушта болгон. Түшкө жакын кеңседен чыгып кеткен бойдон аны эч ким көргөн эмес.

Ал кеңседен кеткенге чейин түшүнүк кат жазып, кардарлардын төлөм карталарын алмаштырып алганын, андан улам 182 миң сом суммадагы каражат жетпей жатканын айткан. Бирок, кыска убакыт ичинде бул сумманы кайтарып, өз каалоосу менен жумуштан бошотуу суранычы менен арыз жазып калтырган.

Анын жоголушу боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 28-июлда саат 14:22де Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунан Россиянын Москва шаарына учуу үчүн каттоодон өткөнү белгилүү болгон.

Кыргыз жигит менен турмуш куруп, 3 баланын апасы болгон Е.Лященко коммерциялык банкта 1,5 жылдан бери эмгектенип жаткан. Аны тааныгандар үлгүлүү жубай жана балдарына карамдуу эне катары билишчү.

Аталган банктын Караколдогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эмил Акматов Екатерина иштен кетүү боюнча арыз жазганын жокко чыгарууда.

«Е.Лященко биз менен 2016-жылдын апрель айынан бери иштешип келген. Ал — төлөм карталары боюнча адис. Ишине так жана жумушка убагында келип, убагында кетет. Кесиптештери менен да жакшы мамиледе. Ал жоголгон убакта мен эмгек өргүүдө болчумун. Ал иштен кетүү тууралуу арыз жазган эмес. Түштөнүүгө чыккан боюнча жумушка келбептир», - деди Э.Аматов.

Екатеринанын тууганы Элизбар Данапияевдин айтымында, бардык милиция бөлүмдөрүн, ооруканаларды жана Екатерина болушу мүмкүн делген жерлерди кыдырып чыгышкан.

«Банктын жетекчилиги Екатеринанын мындай чечимине өтө таң калып жатышат. Алардын айтымында, буга чейин ал эч кандай эреже бузган эмес. Учурда аны туугандары, жолдошу жана 3 баласы күтүп жатат», - деп кошумчалады Элизбар Данапияев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7681
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу