Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуНарын району 08.08.2017 14:05

Кызыл-Жылдызда 11,7 млн сомго курулуп жаткан бала бакча күздө ишке берилет (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Жылдыз айылында 11 млн 782 миң 104,51 сомго курулган 50 орундуу бала бакча ушул жылдын сентябрь айында толук бүткөрүлүп, ишке берилет. Бул тууралуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Чормокова аймактык кабарчыга кабарлады.

Анын айтымында, бул бала бакча 2016-жылы АРИС долбоору менен курулуп, ага 11 млн 782 миң 104,51 сом каралган. Ал эми, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 300 миң сом бөлүнгөн.

Буга чейин айылдагы бала бакча 1964-жылы курулган мектептин 3 бөлмөсүндө жайгашып, анда 50дөй бала тарбияланчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×