При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ак-талаалык Ж.Сарүкүев бутунан ажыраганына карабай устачылык кылууда (видео)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 58 жаштагы тургуну Жакшылык Сарүкүев бир нече жылдан бери айылдаштарынын самоорлорун оңдоп берет. Аймактык кабарчы уста менен таанышып келди.

Анын айтымында, СССР тарап, жумушсуздук күч алып турган мезгилде үй-бүлөсүн багуу максатында темир буюмдардын тешиктерин жамап каражат таап баштаган. Унаалардын бактарын, радиаторлорун, самоорлорду жамап, ар бир ишке жараша акы алат. Бир самоорду 400 сомдон 1000 сомго чейин жамап берет.

Буга чейин автобазада 6-7 жыл айдоочу болуп эмгектенип жүрүп, кырсыктап бир бутунан ажырап калган. Андан бери бутуна темир кийип, дайыма шайтан араба менен жүрөт.

«1983-жылы Миң-Куштан көмүр тартып келе жатып, Учкун айылынын жанынан трактор менен кагышып алдым. Өтө катуу кагыштык, унаам жарабай калды. Өзүм бутумдан айрылдым. Тагдырыңа жазылганды көрөт экенсиң. Эч нерсеге жарабай калдым дебей, минтип буюмдарды жамап-жазгап, эмгек акымды алып, үй-бүлөмдү багып келе жатам», - деди ал.

Уста жубайы Нурбүбү Жумакадырова экөө 36 жыл бирге түтүн булатып, 3 кыз, 3 уулду чоңойтушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 964
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу