Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 02.08.2017 16:58

Айыл турмушу: Таластык 26 жаштагы мугалим Ө.Байышбеков англис тили боюнча китеп жазды (видео)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Чалдовар мектеп-интернатынын 26 жаштагы мугалими Өмүрбек Байышбеков 2-3-класстын окуучулары үчүн англис тили сабагынан китеп жазды. Аймактык кабарчы анын эмгеги менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, китепти көбөйтүп чыгаруу үчүн жардам издейт. Өзү кесиби боюнча англис тилчи мугалим.

«Мен күнүнө англис тили боюнча 45-47 диктант текшерчүмүн. Кээде кол жазмаларды түшүнбөйм. Андан улам канткенде окуучуларга жеңил программа түзүү керек деген ой келди. Өзүм компьютердик дизайн боюнча бир аз билимим болгондуктан программа аркылуу чекиттер менен тамганы түшүрүүнү жазып чыктым. Ал өзүмө жагып, улантып кеттим. Жаңы китеп 3 бөлүктөн турат. Биринчиси тамганын жазылышы, экинчиси окулушу, ал эми үчүнчүсү грамматика боюнча», - деди ал.

Мугалим аталган китеп жарыкка чыгып калса жаш жеткинчектер үчүн англис тилин бат үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк боло турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×