Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фото - Ак-талаалык Ш.Жанболотов уулдарына 23 тамгадан турган өзгөчө ысымдарды ыйгарды

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургуну Шахназар Жанболотовдун 2 уулунун ысымы Кыргызстандагы эң узун ысымдардын катарына кирет.

Маалым болгондой, Ш.Жанболотов 12 жаштагы тун уулуна 23 тамгадан турган Даулетбекчилтенкүнтеңир, ал эми 7 жаштагы уулуна 17 тамгадан турган Байжанарымайтеңир деген ысымдарды ыйгарган.

«Даулетбекчилтенкүнтеңир ысымы Даулетбек деген казак досумдун атынан башталып, Чилтен жана Күнтеңир деген аттар менен уланат. Чилтен — билимдүү, Күнтеңир — бийик деген маанини түшүндүрөт.

Ал эми, Байжанарымайтеңир ысымы жакшы көргөн жердешим Байжандын ысымынан башталган. Арым — арышы кең болсун, Айтеңир — өмүр жолу караңгыда да айдай жарык болуп турсун деген маани менен шайкеш келтирип койгом», - деди Ш.Жанболотов.

Уулдарынын ысымдары узун болгондуктан 2 күн дегенде уруксат сурап жатып, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алган. Учурда өзгөчө ысымдуу уулдарын көпчүлүк Дөөлөт жана Байжан деп чакырышат.

Ш.Жанболотовдун бир тууган агасынын ысымы — Искендерсулхарнайын. Бул ысымды анын атасы ыйгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5046
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу