Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Бишкекте энеси дааратканага төрөп кеткен ымыркайды 17 жаштагы Нурзамат алып чыкты

Turmush -  Бишкектеги Арча-Бешик конушунда барак тибиндеги үйдүн дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарып чыккан жашоочулар окуя тууралуу «Репортер» басылмасына айтып беришти. Ымыркайдын энеси бүгүн, 31-июлда көчөдөгү дааратканага төрөп, өзү качып кеткен.

Кошуналар Нурзат, Нурзамат, Элдияр уулу Бактияр, Мурат, Майрам Өмүралиева

1

Жергиликтүү тургун Нурзаттын айтымында, окуя саат 10:00 чамасында болду.

«Саат 10:00 чамасында эшикке бир нече жолу чыгып караганда даараткананын эшиги жабык болчу. Бир нече мүнөттөн кийин кайра чыксам эшик ачылып калыптыр. Ичине киргенде жер кан болуп турганын көрүп, даараткананын чуңкурунан ымыркайдын ыйлаган үнүн уктум. Дароо сыртка чыгып, кошуналар менен жолдошумду чакырдым», - деди Нурзат.

Анын жолдошу Муратбек Мамырбаевдин айтымында, дароо кошуналарын чакырып, тез жардам жана милиция кызматына телефон чалган. Алгач милиция кызматкерлери, андан кийин дарыгерлер жеткенин кошумчалады.

Ымыркай кызды дааратканадан 17 жаштагы Майрамбек уулу Нурзамат кол чырактын жарыгы менен таап, сыртка алып чыккан.

Мурат менен Нурзамат

1

«Менин бутумдан Мурат менен Бактияр байкелер кармап турушту. Алгач баланын колун көрүп, өзүмө карай тартканда ыйлап жиберди. Анын тирүү экенин билгенде барыбыз сүйүндүк», - деди Нурзамат.

Дарыгерлер жеткиче ошол жердеги аялдар телефон аркылуу маалымат алып, ымыркайды жуунтуп, киндигин кесишкен. Күбөлөр дарыгерлер ымыркайды алып чыккандан 45 мүнөт өткөндөн кийин келгенин кошумчалашты. Барак тибиндеги үйдүн жашоочулары белгилегендей, ал аймакта кош бойлуу аял жок болчу.

Ымыркай жеткирилген оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилованын айтымында, учурда ымыркай жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, абалы оор деп бааланууда. Анын салмагы 3 кг 396 гр болгон.

Милиция кызматкерлери дааратканада төрөгөн аялдын аты-жөнүн тактоо, жүргөн жерин аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Аман куткарылган ымыркай

1

Ымыркай төрөлгөн даараткана

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 36105
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Bato
02:35, 01 августа 2017
Кудай сактасын элибизге Аллах ыйман инсап берсин
Нет аватара
amantay
16:32, 31 июля 2017
Кудай кааласа бул бала аябай бай болот.
Көп окулду
×