Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Фото - Кыргызстандагы эң узун ысымдын ээси Таласта жашайт

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 21 жаштагы тургуну Улукмырза Жолборсов — Кыргызстандагы эң узун ысымдын ээси. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Улукмырзанын апасы Калмар Мамбетованын айтымында, кенже уулу төрөлгөндө жолдошу 50 жаш мааракесин белгилеп жаткан.

«Жолдошум Жолборс өзүнө белек кылып, уулубузга УлукМырза-Хантөрө-Канат-Бек деген ысым ыйгарган», - деди ал.

Кийин бул ысым документке батпай, көп учурда ката жазыла бергендиктен ысымды кыскартууну туура көрүшкөн. Азыркы учурда Жолборсов Улукмырза Жолборсович деген ысым менен жүрөт.

Улукмырза 2013-жылы мектепти аяктап, Талас шаарындагы №90 кесиптик лицейдин информатика бөлүмүнөн билим алган. 2014-жылы аскерге кеткен. 2015-жылы аскердик кызматын өтөп келгенден кийин Талас шаарындагы медициналык окуу жайдын фельдшер бөлүмүнө кабыл алынып, учурда 1-курсту аяктады. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси.

«Келечекке койгон максаттарымды айтып койсом балким кызыксыз болуп калат. Бир сөз менен айтканда элиме кызмат кылган мыкты инсан болгум келет», - деди УлукМырза-Хантөрө-Канат-Бек.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда жарандык абалдын актыларын каттоо системасында эң көп катталган фамилия Исмаиловдорго тиешелүү экендигин кабарлаган. 2017-жылдын июль айына карата бул фамилияны алып жүргөн 28 миң 933 жаран бар.

Түзүмдүн маалыматына караганда, эң көп катталган фамилиялар:

- Кыргызстанда фамилиясы Исмаилова деп катталган 14 миң 626 жаран бар;

- Исмаилов деген фамилия 14 миң 307 жолу катталган;

- Абдуллаева — 11 миң 878;

- Абдуллаев — 11 миң 753;

- Кадыров — 10 миң 281;

- Акматова — 10 миң 226;

- Кадырова — 10 миң 138;

- Акматов — 10 миң 100;

- Сулайманова — 9 миң 946;

- Сулайманов — 9 миң 901;

- Осмонова — 9 миң 756;

- Исакова — 9 миң 678;

- Асанов — 9 миң 651;

- Асанова — 9 миң 483;

- Осмонов — 9 миң 377;

- Каримов — 9 миң 294;

- Исаков — 9 миң 285;

- Алиева — 9 миң 245;

- Каримова — 9 миң 215;

- Султанова — 9 миң 139.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14359
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу