Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 31.07.2017 08:29

Кара-Көл ШИИБдин жетекчиси болуп Р.Ашыралиев дайындалды

Turmush -  Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп Рысбек Ашыралиев дайындалды. Аталган маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактар билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ШИИБдин мурунку башчысы К.Айтбаевдин кызматтан бошогону тууралуу 13-июлда буйрук чыгарылган.

27-июлдагы буйрук менен жетекчиликке дайындалган Р.Аширалиев ШИИБдин өздүк курамына тааныштырылды. Буга чейин Р.Ашыралиев Токтогул райондук ички иштер бөлүмүн жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×