Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.07.2017 12:15

Ак-Суунун Жыргалаң айылындагы мектептин жылуулук системасы 2,5 млн сомго жасалууда (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун эң алыскы Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектептин жылуулук системасы алмаштырылып жатат. Бул тууралуу аталган аймактын башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Анын айтымында, жылуулук системасы түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2,5 млн сомго жасалууда.

«Элетке суук эрте түшүп, кыш узак болот. Буга чейин жылуулук боюнча көйгөйлөр болуп келген. Мектептин жылуулук системасы алмашса, окуучулар үшүбөй калат», - деди Т.Мукалаев.

Мектепте жалпы 190 бала билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×