При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Болот этноборборуна келген туристтерге хан көтөрүү жөрөлгөсүн көрсөтүп, кымыз-брейк сунуштайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Корумду айылынын 53 жаштагы тургуну Болот Кененбаев 10 жыл мурун түптөгөн «Ынтымак-Ордо» этноборборунда чет өлкөлүк туристтерди кабыл алып, алар үчүн атайын даярдалган программасын дагы сунуштайт.

Болотбек Кененбаев айылдагы эски кашарга 15 жыл мурун көчүп барганда этноборбор түптөө идеясы жаралып, акырындан аны ишке ашырганын айтат.

«Бүгүнкү күндө этноборбордо 30дан ашык чет өлкөдөн келген туристтер мейманда болушту. Эс алуучуларга жөн гана этноборборду көргөзбөстөн хан көтөрүү программасын сунуштайм. Ал программанын алкагында эс алуучулардын арасынан бир адамды тандап, хан көтөрүү жөрөлгөсүн көрсөтөбүз. Жыйынтыгында такка отурган адамга «Хан» деген сертификат беребиз.

Ошондой эле, бул ордого илинген маасы менен калпакка чет элдиктер абдан кызыгышат. Ал маасы менен калпактын өзүнүн тарыхы бар. Буга чейин жубайым экөөбүз өтө жетишпеген турмушта жашадык. Жубайым мага нааразычылыгын айтканда, мен: «байбиче, чыдап турчу, бутуңан түшүрбөй кийген маасыңды жана 10 жыл кийген калпагымды дүйнө элине көрсөтөм», - деп сөз бергем. Борбордун иши алдыга жылганда жубайымдын маасысы менен калпагымды ордого илип койдум. Азыр дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтер маасы менен калпакка кызыгышат. Мен жубайыма берген убадамды аткардым», - деди Б.Кененбаев.

Ал кошумчалагандай, «Ынтымак-Ордо» этноборборунда улуттук тамак-аштын 9 түрү берилип, соңунда кымыз-брейк, жарма-брейк сунушталат. Меймандар боз үйдүн ичинде кымыз ичип, эс алып отурушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1283
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу